Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 24.06.2015 14:26

Жайыл районунда акын Т.Кожомбердиевдин 74 жылдыгына карата веложарышка 78 жаштаны аксакал да катышты

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районунда 22-июнь күнү акын Турар Кожомбердиевдин 74 жылдыгына карата веложарыш болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Үч чакырым аралык жолду басып өтүү боюнча мелдешке 16 жашка чейинки 26 жаш велосипедчен катышты.

Ал эми 14 чакырым алыстыктан жарышууга 33 градус күндүн ысыгына карабай, 16 жаштан өйдө 13 спортчу катышты.

Алардын арасында 78 жаштагы Кара-Балта шаарынын тургуну Николай Роменский да бар.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр алган орундарына ылайык сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×