Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 23.06.2015 12:58

Футбол боюнча дүйнөлүк кубоктун жеңүүчүсү, америкалык чемпион Лорри Фэр Кара-Балта шаарынын жаштары менен жолукту (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарында кечээ, 22-июнда М.Ю.Лермонтов атындагы райондук китепканада футбол боюнча дүйнөлүк кубоктун жеңүүчүсү, америкалык чемпион Лорри Фэр айым менен Кара-Балта шаарынын жаштарынын чыгармачылык кечеси уюштурулду.

Жолугушууга жаш китеп окууну сүйүүчүлөр жана жергиликтүү жазуучулар келишкен. Бул иш-чара АКШнын мамлекеттик департаментинин атайын программасы алкагында уюштурулуп, спорттун өкүлү Лорри Фэр өзүнүн спорт тармагындагы карьерасы, анын ичинде футболдогу жетишкен ийгиликтери жана аялдын жашоосундагы спорттун орду тууралуу айтып берди.

«Спорт менен алектенүүгө жаш курак боюнча эч кандай чектөө болбош керек. Кыргызстанга келүүдөгү максатым — кыз-келиндер менен жолугуп, аларды спорттун бир нече түрү менен алектенүүгө чакыруу болуп саналат. Аялдар үчүн спортко жол мурда эле ачылган, ошентсе дагы менин милдетим - бул планда аялдарды активдүү болууга үндөө, сергек жашоого чакыруу. Спорт аялдарга ден соолукту чыңдоо жагынан гана эмес, өзүнө өзү ишенимдүү болуусуна дагы жардам берет», - деди Лорри айым.

Анын жолугушуу кечеси китепканада өткөндүгүнүн себеби — ал китеп окууну абдан жакшы көрөт. Ал жолугушууну китепканада экскурсия жасоо менен аяктады.

Ошондой эле, Лорри Фэр Кыргызстан-Австралия курама командалары арасында өткөн дүйнөлүк футболго катышуу мелдеши эркектерди эле эмес, аялдар арасында дагы футболгон кызыгууну жаратканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×