Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусу 04.06.2015 19:25

Кыргызстанда дары-дармектердин бирдиктүү маалымат базасын түзүү зарыл, - КСДП

Turmush -  Кыргызстанда дары-дармектердин бирдиктүү маалымат базасын түзүү зарыл. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы көтөрүп жатат.

Аталган фракциянын жыйынында өлкө жарандарын сапаттуу, арзан жана эффективдүү дары-дармектер менен камсыз кылуу приоритеттүү (маанилүү) экендигин белгиленди.

Дары-дармек рыногу күн санап өлкө жарандарынын ишеничинен чыгууда. Дары-дармекти сатуу пункттарындагы баалардын кескин айырмаланышы, дарылардын сапатынын төмөндүгү, өлкө тарабынан бул рыноктогу көзөмөлдүн начардыгы мындай жагдайга түрткү болууда.

Буга чейин КСДП фракциясынын жыйынында дары-дармек рыногундагы абалды жөнгө салуу боюнча талкуу болуп, эл өкүлдөрү медициналык жабдыктардын, дары-дармектердин бирдиктүү маалымат базасын түзүү керек экендигин белгилешкен.

Ошондой эле учурдагы мыйзамга толуктоолор киргизилип, дары-дармек пункттарын текшерүү бир жылда бир эмес, учурдагы шартка ылайык өтүүсү жана аларды текшерүү тууралуу алдын ала маалымат берүү тажрыйбасын токтотуу керектигине токтолушкан.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министринин айтымында, адистердин эсеби боюнча өлкөгө жылына 100 миллиард сомдук медициналык жабдыктар жана дары-дармектер импорттолот. Бирок, бажы кызматынын маалыматы боюнча импорттолгон товардын көлөмү 10 миллиардды гана түзөт. Мындайча айтканда, учурда өлкө бул рыноктун 10%ын гана көзөмөлдөөдө.

Эгерде дары-дармектердин бирдиктүү маалымат базасы түзүлө турган болсо, жарандар үчүн бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлмөкчү. Алсак, ар бир жаран база аркылуу өлкөнүн дары-дармек рыногунан кабардар болуп, аларга болгон баалар менен түздөн-түз тааныша алат.

Мындай база учурда өнүккөн өлкөлөрдө, коңшу Казакстанда, Түркияда ишке кирген. Ошондон улам Түркия тараптын адистери Кыргызстандагы мындай базаны түзүү боюнча кенеш берүүгө даяр экенин билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×