Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Чүй облусуКемин району 01.06.2015 14:16

Кемин районунун Кайыңды айылында 1-вице-премьер Т.Сарпашевдин катышуусунда замамбап спорт залы ачылды

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районундагы Кайыңды айылында 2015-жылдын 30-майында замамбап спорттук залынын ачылыш аземи болду.

Бул иш-чарага биринчи вице-премьер-министр Т.Сарпашев, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Исаев, К.Иманалиев баштаган Жогорку Кеӊештин депутаттары, дүйнөлүк олимпиаданын чемпиону К.Осмоналиев жана башка көптөгөн коноктор катышты.

Келген коноктор өздөрүнүн белектерин тапшырышты.

Спорт зал «Кемин Келечеги» коомдук фондунун салымы менен (300 миӊ сом) АРИС программасы аркылуу 15 млн сомго салынды.

Спорт залынын ачылыш аземинде жергиликтүү калк үчүн Бишкек шаарынан келген артисттер чоӊ программадагы концерт тартуулап, жаштар арасында волейбол боюнча турнир өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×