Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусу, Кара-Балта 30.05.2015 10:57

Кара-Балтадагы эң ири өнөр жай ишканасынын өндүрүш темпи төмөндөдү

Turmush -  Кара-Балта шаарында жайгашкан «КТКК» ААК (Кара-Балта тоо-кен комбинаты) 2015-жылдын 1-кварталында өндүрүү боюнча пландын 24,2%ын гана аткарган. Казакстандан келүүчү чийки заттын азайышы өндүрүштүн көлөмүн төмөндөткөн.

Өндүрүшү кыскарган ишканалардын катарына «Кыргыз Алко Трейд» ЖЧКсы да кирет. Аталган ишкана бир калыпта иштебегендиктен, пландын 76,6%ы гана аткарылган. Өндүрүштүн төмөндөшү даяр продукциянын аз сатылышына байланыштуу болгон. Ошондой эле, «Сигма» чакан ишканасынын өндүрүшү 0%ды түзгөн. Тоо-кен тармагы боюнча жабдыктарды чыгарган ишканада даяр продукция өндүрүлгөн эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×