Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуЖайыл району 27.05.2015 10:05

Жайылда жыл башынан бери 37 адам кургак учуктун белгилери менен катталды

Turmush -  Чүй облусундагы Жайыл районунда жыл башынан бери кургак учук оорусуна чалдыккан 37 киши катталды.

Быйылкы жылдын 1-кварталында кургак учук оорусуна чалдыккандардын саны өткөн жылга салыштырмалуу азайгандыгы байкалды. Маалыматка ылайык, 2014-жылдын ушул убактысына карата 40 адам кургак учуктун белгилери менен катталган.

«Кургак учукту алдын алуу иш-чаралары бардык медицина кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп келет. Жаңы төрөлгөн балдарга кургак учукка каршы эмдөө жүргүзүлөт. 2015-жылдын 1-кварталында 400 кишиге эмдөө жасалып, план 98%га аткарылган. Ал эми, 4141 киши флюорографиядан өтүп, (бул көрсөткүч жылдык пландын 18,8%ын түзөт) 116 кишинин анализи нормадан чыкканы жана 32 кишиде кургак учук оорусунун белгилери байкалган», - деди райондук бейтапкананын кызматкерлери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×