Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуЖайыл району 25.05.2015 14:17

Жайылдагы социалдык инфраструктураны оңдоого 20 млн сом суммасында инвестиция тартуу пландалууда

Turmush -  Чүй облусундагы Жайыл районунда социалдык инфраструктураны оңдоого 20 млн сом суммасындагы каражатка инвестиция тартуу пландалууда.

Райондук администрациянын социалдык-экономикалык абал боюнча отчётуна ылайык, ушул жылдын 1-кварталында районго инвестиция аркылуу 1823,2 млн сом келсе, анын ичинен 1783,0 млн сомун Кытай тарабынан берилген чет элдик насыя түзөт.

Мындан тышкары, ушул жылы 7 айыл өкмөтү: Ак-Башат, Красновосточный, Жайыл, Сары-Коо, Степнинский, Кара-Суу, Сары-Булак айыл өкмөттөрү жана Жайыл райондук маданият бөлүмү дем берүүчү грант алуу үчүн кайрылган.

Кыргызстандын Каржы министрлиги тарабынан колдоого алынган соң социалдык инфраструктуранын объектилерин оңдоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга 20 млн сомдон аз эмес дем берүүчү грант тартылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×