Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 22.05.2015 12:15

Чүй облусу мектеп окуучуларынын республикалык спартакиадасында 2-орунду камсыз кылды

Turmush -  Бишкек шаарында спорттун 20 түрү боюнча өткөрүлгөн мектеп окуучуларынын спартакиадасы жыйынтыкталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, ар бир командада 203төн окуучу болгон.

Республикалык тур Ош шаарында 2-7-май күндөрү өтсө, финалдык тур Бишкек шаарында 12-19-май күндөрү болуп өттү. Финалга 7 облустун командалары жана Бишкек, Ош шаарларынын командалары катышты.

Спартакиаданын жыйынтыгында биринчи командалык орунду Бишкек шаарындагы мектеп окуучуларынан турган команда 166 балл менен камсыз кылды. Ал эми экинчи орунду Чүй облусунун командасы 128 балл менен жеңип алышты жана үчүнчү орунга Ысык-Көл облусу 125 балл менен татыктуу болду.

Өткөн жылы Чүй облусу 6-орунду алган. Ал эми бишкектик команда бир нече жыл катары менен 1-орунду камсыздап келет, дейт Жайыл райондук балдар спорт мектебинин директору Нуржан Сүймөналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×