Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуМосква району 22.05.2015 11:57

Москва районунда 4 айдын жыйынтыгында кызамык оорусуна 324 адам чалдыккан

Turmush -  Москва районунда Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, 12-майдан 23-майга чейин улуттук иммунизация компаниясы кызамык жана кызылча ооруларына каршы эмдөөнүн 2-этабын башташты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Эмдөө иш-чарасы 1-7 жашка чейинки балдарга тиешелүү пункттарда акысыз жүргүзүлөт. Белгиленген убакытта балдар эмдөөдөн сөзсүз өтүүсү керек. Эгерде эмдөө өз учурунда жүргүзүлбөсө ден соолук ар түрдүү инфекциялардан коргоосу начарлайт.

Статистиканын маалыматына ылайык, 2015-жылдын төрт айынын жыйынтыгында район боюнча кызамык оорусуна 324 адам чалдыккан.

Эске сала кетсек, 130 бала эмдөөдөн өткөн эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×