Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуЖайыл району 21.05.2015 14:28

Жайыл районунда кызамыкка каршы улуттук эмдөөнүн 1- жана 2-турунда 30 миңге жакын эмдөө жүргүзүлдү

Turmush -  Жайыл районунда 12-майдан 23-майга чейин кызамыкка каршы улуттук эмдөөнүн экинчи этабы жүргүзүлөт.

Анын алкагында, 1ден 6 жашка чейинки 12 миң 294 бала эмделет, ал үчүн 340 медицина кызматкерлери жана бала бакча кызматкерлери иш алып барууда.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун врач-иммунологу Людмила Косухинанын айтымында, медиктердин көчмө тобу уюштурулган. Алар бала бакчаларга барып эмдөө иштерин жүргүзүшөт.

Анын айтуусунда, эмдөө иштеринин жүрүшүндө вакцинация кылуудан баш тарткандар да чыгууда, диний көз караштан улам ар кандай негативдүү ушактарды угуп, балдарын эмдөөгө макулдук бербегендер да чыгып жатат.

«Биз бул вакциналар Индиядан алынып келгенин, бардыгы текшерүүдөн өтүп, сертификацияланган дарылар экенин түшүндүрүп жатабыз. Улуттук эмдөөнүн биринчи жана экинчи турунун жүрүшүндө 30 миңге жакын эмдөө жүргүзүлдү, бул убакытта ашынып кетүү (осложнение) же адаттан тышкаркы абал (необычная реакция) катталган жок», - деп билдирди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×