Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуЖайыл району 20.05.2015 16:37

Жайылдагы бала бакчаларда кызамыкка каршы эмдөө уланууда (фото)

Turmush -  Жайыл районунун Калининское айылындагы «Аленушка» бала бакчасынын тарбиялануучуларына кызамыкка каршы эмдөө жасалды. Кампаниянын негизги атрибуту бир куту момпосуй болду. Бир ийне – бир момпосуй, ал эми ыйлабаган балдарга экиден момпосуй берилди.

«Кичинекейлерге эмдөө жасоо кыйын, дароо ыйлап башташат. Биз аларды сооротуп, момпосуй менен көңүлдөрүн алып жатабыз. Баарынан кызыгы эң кичинелерине караганда, чоңураактары көп ыйлашат. Кичинекейлер ойлонгончо эле эмдөө бүтүп калат окшойт», - деди № 15 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мээрман айымы Рита Алдеева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×