Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 13.05.2015 13:31

Кара-Балтадагы грек-рим боюнча окуучулар арасындагы мелдешке өлкөнүн аймактарынан жана Казакстан менен Россиянын спортчулары катышат

Turmush -  Кара-Балта шаарында мектеп окуучуларынын арасында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт. Аталган турнир Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Коваленко Анатолий Ивановичтин элесине арналат, деп маалымдайт уюштуруучулар.

«Манас» спорт комплексинин базасында 16-17-май күндөрү өтө турган мелдешке катышуу үчүн Кыргызстандын аймактарынан жана Казакстан менен Россиядан спортчулар чакырылды.

Анатолий Коваленко машыктыруучу катары 1970-жылдан баштап эмгектенген. Ал СССРдин 50 спорт чеберин, жаштар арасындагы ССР чемпиондорун жана чоңдор арасында СССР чемпионатынын, окуучулар арасындагы Дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүлөрүн чыгарган.

Эмгек сиңирген машыктыруучу А.Коваленко 2007-жылы дүйнөдөн өтүп, ал убакыттан бери анын жаркын элесине арналган грек-рим боюнча турнир өтүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×