Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 13.05.2015 10:50

Жайыл районунда самбо боюнча республикалык мелдеште 1-орунду Бишкектен келген команда жеңип кетти

Turmush -  Жайыл районунун Орто-Суу айылында 8-майда өспүрүмдөр арасында самбо боюнча республикалык турнир болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Турнирге жалпы 150 күрөшчү катышты.

Мелдештин жыйынтыгы менен 1-командалык орунду «Рахатбек» спорт клубунун балдары ээлесе (Бишкек ш.), 2-орунга Чүй облусунун Сокулук айылынын жаш спортчулары татыктуу болду.

Жеңүүчүлөргө кубок, диплом, футболка жана бейсболкалар таптырылды.

Аталган иш-чара Самбо федерациясы тарабынан уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×