Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 13.05.2015 10:16

Кара-Балтада грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу эл аралык деңгээлдеги спортчуну даярдагандыгы үчүн Ардак грамота менен сыйланды

Turmush -  Кечээ, 12-майда КР Өкмөтү алдындагы дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы менен Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплексинин машыктыруучусу Игорь Анатольевич Ковалеко сыйланды.

Грамотада көрсөтүлгөндөй, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорттун өнүктүрүүгө чоң салым кошкондугу белгиленген.

Эскерте кетсек, Кара-балталык спортчу Роман Ким ушул жылдын 15-17-апрелде Азербайджандын Баку шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде 120 кг салмактык категорияда 3-орунга ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×