Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 28.04.2015 11:23

Жайылдын дене тарбия жана спорт бөлүмүндө реформа жүргүзүлүүдө

Turmush -  Чүй облусундагы Жайыл районунун дене тарбия жана спорт бөлүмүндө реформа жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн жетекчиси Нааматбек Сегизбаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан боюнча райондук спорт комитеттери жоюлуп, алардын ордуна дене тарбия жана спорт бөлүмдөрү түзүлө баштады. Ошондой эле, райондордо облустук бөлүмдүн өкүлчүлүгү да болот.

«Спорттук мелдештерди өткөрүү, каржылоо мурда кандай болгон болсо ошондой эле нукта улана берет. Болгону, комитеттин 3 штаттык кызмат орду жоюлат. Жыл башынан бери комитет тарабынан 30га жакын райондук деңгээлдеги спорттук иш-чара уюштурулду», - деди Н.Сегизбаев.

Өкмөттүн 2015-жылдын 10-мартындагы токтомуна ылайык, 2014-2017-жылга карата дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программасынын алкагында Кыргызстандын 40 райондук дене тарбия жана спорт бөлүмүндө реформа жүргүзүү пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×