Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 27.04.2015 18:04

Кара-Балтада кызматын аткарып жүрүп каза болгон Э.Жолдошбек уулунун элесине арналган футболдук турнирдин жеңүүчүлөрү акчалай сыйланды

Turmush -  Кара-Балта шаарында милициянын лейтенанты Жолдошбек уулу Эркиндин жаркын элесине арналып, милиция кызматкерлеринин арасында футбол боюнча турнир өткөрүлдү.

Жолдошбек уулу Эркин 2008-жылы кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон.

Райондук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн төрагасы Нааматбек Сегизбаевдин айтымында, 25-апрелде «Манас» спорттук комплексинде өткөн турнирге ИИМдин райондук бөлүмдөрүнөн жана ИИМдин облустук издөө бөлүмүнөн жалпысынан 14 команда катышты.

Мелдештин жыйындыгы боюнча:
- 1-орун менен 15 миң сомду «Жайыл 2» командасы;
- 2-орун менен 10 миң сомду Ысык-Ата РИИБи;
- 3-орун менен 5 миң сомду Токмок ШИИБи ээледи.

Турнирди Жайыл райондук ички иштер бөлүмү жана курман болгон лейтенант Эркин Жолдошбек уулунун туугандары уюштурду.

Эскерүү матчы быйыл 4-ирет өткөрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×