Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 24.04.2015 11:38

Өрткө каршы күрөш бөлүмдөрүнүн арасында Чүй облустук спартакиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Токмок шаарында Чүй облусунун райондорундагы өрткө каршы күрөш бөлүмдөрүнүн арасында уюшулган облустук спартакиаданын финалы аяктады. Мелдеш спорттун футбол, волейбол жана теннис түрлөрү боюнча уюштурулган. Зоналык оюндан озуп чыккан командалар финалдык мелдеште беттешишти.

Спартакиаданын жыйынтыгында футбол боюнча 1-орунга – Москва району, 2-орунга – Жайыл району, 3-орунга – Ысык-Ата району, 4-орунга – Чүй-Токмок ээ болду.

Ал эми волейбол боюнча 1-орунга – Жайыл району, 2-орунга – Ысык-Ата району, 3-орунга – Чүй-Токмок, 4-орунга – Панфилов району ээ болсо, теннис боюнча Жайыл районунун командасы жеңишке жетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×