Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусуКемин району 22.04.2015 17:39

Эркин күрөш боюнча өспүрүмдөрдүн республикалык турниринде Жайылдын 8 спортчусу медаль тагынды (тизме)

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунда Апрель революциясынын баатыры Азамат Сурантаевге арналган спорттук мелдеш өткөрүлдү.  10-12-апрель күндөрү өткөн 2001-2003-жылы туулган өспүрүмдөр арасындагы эркин күрөш боюнча республикалык турнирге Кыргызстандын бардык региондорунан келген 180 жаш күрөшчү катышты.

Жыйынтыгында Жайыл районунун 8 спортчусу байгелүү орундарга ээ болду.

Тизме:

 - 26 кг, Калыбеков Искендер – 1-орун, Сосновка айылы, машыктыруучусу Данияр Надырбеков;
- 26 кг, Жунужбеков Нурсултан – 3-орун, Кара-Балта шаары, машыктыруучусу Курман Тургуналиев;
- 29 кг, Аманбеков Адекерим – 3-орун, Эрик-Туу айылы, машыктыруучусу Сабыр Кудайназаров;
- 32 кг, Койчубек уулу Рамис – 2-орун, Сосновка айылы, машыктыруучусу Бакыр Абдыразаков;
- 39 кг, Жаныбек уулу Эмильбек – 2-орун, Эрик-Туу айылы, машыктыруучусу Курманкул Усубалиев;
- 50 кг, Садыков Алибек – 2-орун, Сосновка айылы, машыктыруучусу Бакыр Абдыразаков;
- 54 кг, Садыков Раджабали – 1-орун, Сосновка айылы, машыктыруучусу Хамзат Жусупов;

- 58 кг Усубалиев Арсен – 1-орун, Эрик-Туу айылы машыктыруучусу Замир Бадакеев;

Турнирдин жеңүүчүлөрүнө уюштуруучулар тарабынан диплом, медаль жана баалуу белектер ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×