Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 22.04.2015 15:38

Жайылдык спортчу М.Талканбаев эркин күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышууга жолдомо алды

Turmush -  Жайыл районундагы Сосновка айылынын тургуну, өспүрүмдөр арасындагы эркин күрөш боюнча Босния жана Герцеговинада өтө турган дүйнөлүк чемпионатка катышат. Маалым болгондой, сосновкалык спортчу Максат Талканбаев өспүрүмдөр арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышууга лицензия алды.

Аталган чемпионат 2015-жылдын август айында Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өтөт. Жайыл райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Н.Сүймөналиевдин айтымында, бул быйылкы жыл ичиндеги дүйнөлүк мелдешке чакыруу боюнча жайылдык спортчулардын 2-жолдомосу.

Биринчи жолдомону Бразилиядагы дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн Адилет Анарбеков алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×