Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 22.04.2015 10:16

Кара-балталык спортчу Бакудагы грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдештин коло байгесин алып келди

Turmush -  Кара-балталык Роман Ким грек-рим боюнча Баку шаарында өткөн эл аралык турнирде 3-орунга ээ болду. 15-17-апрель күндөрү Г.Алиев атындагы спорт комплексинде жаштар арасында грек-рим күрөшү боюнча Азербайжан Күрөш федерациясынын салттуу кубогу өттү.

Турнирге Азербайжан, Украина, Иран, Өзбекстан, Грузия, Словакия, Түркмөнстан, Венгрия, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Белоруссия жана Түркия мамлекеттеринин күрөшчүлөрү катышты.

Аталган мелдеште кара-балталык Роман Ким 120 килограммдык салмак даражасында коло медалга ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×