Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 20.04.2015 15:47

Кара-Балтада «Кызыл жарым ай» уюмунун кызматкерлери чуркап жарышат

Turmush -  Кара-Балта шаарында «Кызыл жарым ай» уюмунун кызматкерлери жана ыктыярчылары чуркоо жарышына чыгат. 8-майда уюмдун 100дөй кызматкери катышкан чуркоо «Кызыл жарым ай» жана «Кызыл Крест» кыймылдарынын принциптеринин 50 жылдыгына арналат.

«Кызыл жарым айдын» принциптери: гумандуулук, адилеттүүлүк, калыстык, көз карандысыздык, ыктыярдуулук, биримдик жана универсалдуулук болуп саналат.
Чуркоо Кызыл жарым ай уюмунун кеңсесинен башталып, «КТКК» ААКтын ден соолук аллеясы аркылуу өтөт.

Чуркоонун жалпы узундугу 6 чакырымды түзөт. Жеңүүчүлөргө баалуу байгелер каралган.

Жайыл районунда жыл сайын, 8-майда Кызыл жарым ай күнү белгиленет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×