Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 17.04.2015 11:04

Кара-Балта шаарында бирмандык бокс боюнча Эл аралык мелдеш өткөрүлөт

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплексинде 1-3-май күндөрү бирмандык бокс боюнча Эл аралык турнир өткөрүлөт. Бул тууралуу КР бирмандык бокс федерациясынын президенти Каныбек Бикбоев билдирди.
Анын айтымында, аталган иш-чара Тимур Бикбоевдин элесине арналып өткөрүлөт. Бул турнир салтуу болуп эсептелинет, ал үчүнчү жыл катары менен өткөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, Тимур Бикбоев Полтав айыл өкмөтүнүн башчысы болуп жана спортчуларды дайыма колдоп келген. Мелдешке Ысык-Көл облусунда 15-апрелден 1-майга чейин өткөрүлгөн мелдештин жеңүүчүлөрү катышышат.
Аталган мелдешке Кыргызстандын баардык аймактарынан, Казакстандан жана Өзбекстандан спортчулар келишет.

«Жалпысынан 200гө жакын спортчу катышат. Жеңүүчүлөр медалдарды, командалык кубокторду, сертификаттарды алышат. Кара-Балта шаарынан 30га жакын спортчу катышат», - деп билдирди К.Бикбоев.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×