Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусу 15.04.2015 15:12

Баткен шаарында кыргыз-тажик жаштар ортосунда ат оюндары өттү

Turmush -  Баткен шаарында кыргыз-тажик жаштарынын ортосунда ат оюндары уюштурулду. Спорттук иш-чарага облус аймагынан жана кошуна Тажикстандан ат ышкыбоздору катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Акыркы убактарда ат спортуна кызыккандардын саны да арбып барат. Бул жолку оюндардын катарына тай чабыш да кошулду. Мындай мелдештердин тез-тез уюштурулуп турушу кошуна өлкөлөр менен болгон ынтымакты бекемдейт, дешет мелдештин уюштуруучулары.

«Тажикстандан келген чабандестердин баары бул мелдешке ыраазы болдук. Ар дайым ушундай иш-чаралар өтүп турса, достор менен болгон мамилебиз дагы да артат», - деди Тажикстандан келген чабандес Абдулатип Жаббиров.

Достук жана ынтымакты чыңдоого багытталган бул мелдешке жалпысынан 200 миң сомдой каражат сарпталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×