Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 11.04.2015 10:43

Кара-Балтадагы кичи футбол турниринин жеңүүчүлөрү аныкталып, акчалай байгелерге ээ болушту (фоторепортаж)

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт майданында кечээ, 10-апрелде кичи футбол боюнча жазгы турнир өткөрүлдү. Таймашка Суусамырды кошкондо жалпысынан болуп Жайыл районунун бардык 12 айыл өкмөтү катышты. Кара-Балта шаарынын атынан «Ардагерлер» командасы ойноду.

Турнирге катыша турчу командалар айылдардын ичинде өткөрүлгөн футболдук матчтардын негизинде тандалып алынган.

Райондук мелдештин жыйынтыгы менен финалга Сары-Булак, Талды-Булак, Жайыл айыл өкмөттөрүнүн жана Кара-Балтанын командалары чыгып, алардын арасынан:

1-орунду - «Талды-Булак» командасы (байгеси - 20 миң сом);

2-орунду - Кара-Балта шаарынын «Ардагерлер» командасы (байгеси - 15 миң сом);

3-орунду - «Сары-Булак» командасы (байгеси - 10 миң сом);

4-орунду - «Жайыл» командасы (байгеси - 5 миң сом) ээледи.

Турнир Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×