Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 10.04.2015 16:50

Байге фонду 60 миң сомду түзгөн Кара-Балтадагы кичи футболго 10дон ашуун команда катышууда (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарында Жайыл районундагы айылдардын арасында кичи футбол мелдеши өтүп жатат. Бүгүн, 10-апрелде оюн талаасына 12 айыл өкмөттүн командалары менен Кара-Балта шаарынын командасы чыкты. Оюнчулардын жашы чектелген эмес.

Мелдештин уюштуруучусу Бакирдин Субанбековдун айтымында, аталган мелдештер Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналат.

Б.Суйлайманов иш-чараны ачып жатып: «Спорт — бул ден-соолук, жашоо», - деген ураан ар бир спортчуда болушу керек. Айылдарда футболду негизинен жаш балдар ойнойт. Бүгүнкү оюнга катышуу үчүн Кара-Балта шаарынын ардагерлер командасын дагы чакырганбыз», - деди.

Кичи футболдун байге фонду 60 миң сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×