Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Чүй облусуСокулук району 06.04.2015 18:41

Сокулук районунда кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өткөрүлдү

Turmush -  Сокулук районунун Камышановка айылында 4-апрелде кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, мелдеш Сокулук районунда жашаган этникалык кыргыздар менен Урумкалиева Чинаранын жеке демилгеси, Сокулук районунун спорт комитети жана республикалык «Кыргыз күрөш» Федерациясынын колдоосу менен өткөрүлдү.

Мелдештин негизги максаты тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздардын, айрыкча алардын ичинен жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана өркүндөп өсүшүнө шарт түзүү, улуттар арасында эл аралык достукту, жаштар арасында ынтымакты бекемдөө жана улуттук оюндардын өнүгүүсү аркылуу чыңдоо болуп эсептелинет.

Байгелүү орунга ээ болгон балбандар уюштуручуулар тарабынан дипломдор жана сыйлуу белектер менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×