Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 06.04.2015 15:35

Жайылдын үч күрөшчүсү эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы республикалык турнирде байгелүү орундарды ээледи (фото)

Turmush -  Чүй облусундагы Жайыл районунун үч күрөшчүсү эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында өткөрүлгөн республикалык турнирде байгелүү орундарды ээлешти.

Балыкчы шаарында 1998-2001-жылы төрөлгөн өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча республикалык турнир болуп өттү. Ага катышкан спортчулардын жалпы саны 450гө жетти, деп билдирди уюштуруучулар аймактык кабарчыга.

Жайыл районунан аталган турнирге 11 жеткинчек катышса, алардын ичинен үчөө байгелүү орундарды ээлешти. 69 кг салмагында 1-орунду Кеңешбек уулу Кутман ээледи, анын машыктыруучусу Руслан Атакеев.

Спортчу жеңиши үчүн диплом, медаль, 5 миң сом акчалай байге жана спорттук формага ээ болду. Ушул эле салмак боюнча 2-орунду Давлет Кубанычбеков, ал эми 58 кг салмактык даражасы боюнча 2-орунду Нур Темирбеков жеңип алды. Бул эки спортчуну Бакыт Абдыразаков машыктырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×