Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Чүй облусуЧүй району 02.04.2015 17:36

Чүй районунун Онбир-Жылга айыл башкармалыгынын башчысы болуп Азимкул Бериков шайланды

Turmush -  Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын башчыларын шайлоонун жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдор бекитилди. Бул тууралуу шайлоолорду жана редерендумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

БШКдан билдиришкендей, бүгүн, 2-апрелде КР БШКнын жыйынында 20-мартка белгиленген Чүй райоснунун Онбир-Жылга айыл башкармалыгынын башчысын кайрадан шайлоонун жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу бекитилген.

Маалыматка ылайык, Чүй районунун Онбир-Жылга айыл башкармалыгынын башчысы болуп Азимкул Бериков шайланды.

Эскерте кетсек, БШК тарабынан 3-мартта Чүй районунун Онбир-Жылга айыл башкармалыгынын башчысы шайлоо дайындалган. Айыл башкармалыгынын мурунку башчысы башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу, берген арызынын негизинде бошотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×