Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 26.03.2015 12:28

Кара-балталык эки жаш спортчу Кыргызстандын футболук курама командасына кирип, учурда Японияда турнирге катышып жатат

Turmush -  Кара-балталык спортчулар, №8 орто мектептин окуучулары Сыдыков Женишбек жана Шигайбаев Эмир өспүрүмдөр арасындагы футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү болушту. Бул тууралуу жаш спортчулардын жакындары Кыргызстандын футболдук федерациясына шилтеме берип билдирди.

Алардын айтымдарында, учурда бул курама команда Япониянын Осака шаарында өтүп жаткан эл аралык турнирге катышып жатат.

Футболчулардын ата-энелеринин айтымында, турнирге Афганистан, Иран, Тажикстан, Өзбекстан, Япония жана Кыргызстандан барган 10 команда катышууда. Мелдешке 15 жаштан ашпаган жаш спортчулар катышууда.

Оюндун форматына ылайык, 10 команда 2 топко бөлүнүп ойноп, жеңүүчүлөр финалдык матчка чыгышат. Бул турнир 21-марттан 30-мартка чейин өткөрүлөт жана ал бул жылдын сентябрь айында өтө турган Азии U-16 чемпионатына катышууга даярдык көрүү үчүн команданы тандап алуу этаптарынын бири болуп эсептелет.

«Кара-балталык бул эки спортчу мурда «Абдыш-Ата» клубунда машыгып жүрүшкөн», - деп билдиришти ата-энелери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×