Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 25.03.2015 16:14

Жайыл районунун спортчусу эркин күрөш боюнча чемпионатта 2-орунга ээ болуп, дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды

Turmush -  Ош шаарында 19-марттан 21-мартка чейин «Динамо» спорт комплексинде эркин күрөш боюнча чемпионат өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, эркин күрөш боюнча республикалык чемпионат жаштар арасында өткөрүлдү.

Бул биринчиликке Жайыл районунан машыктыруучу Руслан Атакеевдин демилгеси менен 10 спортчу катышып, анын бирөө гана жеңишке жеткен.

66 кг самак категориясы боюнча спортчу Адилет Анарбеков 2-орунга ээ болуп, эркин күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатка жолдомо утуп алды. Спортчунун машыктыруучусу Быкыт Абдыразаков болуп эсепетилнет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×