Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 25.03.2015 16:05

Жайыл районунунун 12 спортчусу эркин күрөш боюнча өткөн турнирде байгелүү орундарга ээ болушту

Turmush -  Сокулук районунун Беловодское айылында «Урожай» спорт комплексинде 18-марттан 20-мартка чейин СССР спорт чебебри Төлөгөн Казакбаевдин 60 жылдыгына арналган эркин күрөш боюнча турнир өттү. Ага Кыргызстандын баардык аймактарынан 310 жаш спортчулар катышышты.

Маалыматка ылайык, Жайыл районунан турнирге 30 спортчу катышты. Алардын кээ бири байгелүү орундарга ээ болушту.

Жайыл районунун жеңиши үчүн 27 кг салмактагы категория боюнча спортчу Искендер Калыбеков 2-орунга ээ болду. Ал Сосновка айылынан келген, машыктыруучусу Данияр Надыбеков.

- 32 кг салмак боюнча Сосновка айылынынын спортчусу Койчубек уулу Рамис 2-орунга ээ болду, анын машыктыруучусу Бакыт Абдыразаков.

- 32 кг салмак боюнча Кара-Балта шаарынын спортчусу Кан Анатолий 3-орунга ээ болду, анын машыктыруучусу Руслан Атакеев. Мындан тышкары, дагы он спортчу байгелүү орундарга ээ болуп, баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×