Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Токмок 25.03.2015 15:06

Кыргызстандык жана казактандык өспүрүмдөр арасында Токмокто өткөн эркин күрөш боюнча турнирде Жайылдын спорчулары байгелүү орунга чыкты

Turmush -  Токмок шаарында 12-марттан 14-мартка чейин «Шумкар» спорт клубунун байгеси үчүн өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча эл аралык турнир болуп өттү. Турнирге Кыргызстандын жана Казакстандын атынан 352 спортчу катышты.

Бул турнирге Жайыл районунан 20 балбан катышып, алардын экөө өз категориясындагылардын арасынан байгелүү, 3-орунга ээ болушту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Руслан Атакеев машыктырып жаткан Жайылдагы балдар жана жаштар спорттук мектебинин тарбиялануучусу Кеңешбек уулу Кутман 69 кг даражасында 3-орунду ээледи. Ошондой эле, Бакыр Абдыразаковдун окуучусу —  85 кг салмакта Кайрат Осмонкулов 3-орунду ээледи.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×