Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 24.03.2015 09:00

Жалал-Абаддагы грек-рим күрөшү боюнча республикалык чемпионатта кара-балталык Р.Ким Азия чемпионатына жолдомо алды

Turmush -  Кара-Балта шаарынын эки спортчусу грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатында байгелүү орундарга ээ болуп, Азия чемпионатына жолдомо алды.

Жалал-Абад шаарында 17-19-март күндөрү жаштар арасында өткөн республикалык чемпионаттын жыйынтыгында көп жылдан бери классикалык күрөш менен мелдештерге чыгып келген Бек Коңурбаев 66 кг салмак даражасында 3-орунду ээлеп, күмүш байге тагынды. Ошондой эле, 120 кг салмак даражасында мелдештерге чыккан Ким Роман алтын медалга ээ болду.

Өспүрүмдөрдүн машыктыруучусу Анатолий Коваленконун айтымында, Роман Ким бул жеңиши менен Азия чемпионатына жолдомо алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×