Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 23.03.2015 15:46

Кара-балталык спортчу А.Закиров тай бокс боюнча дүйнө чемпиону деп таанылды

Turmush -  Кара-Балта шаардык мэриясы жакында тай боксу боюнча дүйнө чемпиону болгон жергиликтүү спортчу Алмаз Закировду куттуктады.

Жакында Таиланддан 14 жаштагы кара-балталык спортчу, Бангкок шаарында 15-март күнү тай бокс боюнча өткөн дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болгон Алмаз Закиров кайтып келди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-мартта Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов жаш спортчу жана анын машыктыруучусу Каныбек Бикбоев менен жолугуп, аларга сый көрсөттү. А.Закиров шаар башчысына анын иш сапары кандай өткөнүн жана бул жеңиши анын дүйнөлүк деңгээлде биринчи жолу көрсөткөн эрдиги экенин айтып берди.

Ал эми мэр Алмазды бул жеңиши менен куттуктап, анын бул эрдиги Кара-Балта шаарынын эле эмес, бүтүндөй республиканын жетишкен ийгилиги экенин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×