Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу 19.03.2015 17:23

Ноорузга арналган көк-бөрү боюнча республиалык турнирдин финалында «Талас» менен «Сары-Өзөн» таймаша турганы белгилүү болду

Turmush -  Нооруз майрамына арналган көк-бөрү боюнча турнирдин финалчылары белгилүү болду. КРнын көк-бөрү федерациясынын маалымдашынча, бүгүн 19-мартта Бишкектеги «Ак-Кула» ат майданында турнирдин жарым финалдык беттештери болуп өттү, деп маалымдайт «Баракелде».

Жарым финалда А тайпасынын жеңүүчүсү «Талас» командасы менен В тайпасынын жеңүүчүсү ИИМ командасы кездешти. Анда таластыктар 4:0 эсебинде жеңишке ээ болушту.

Финалга жолдомо уткан экинчи команда «Сары-Өзөн» өзүнүн атаандашы «Бөрүлүнү» 12:3 эсебинде жеңди.

21-мартта 3-орун үчүн «Бөрүлү» менен ИИМ күч сынашат. Беттеш саат 10:00 башталат. «Талас» менен «Сары-Өзөндүн» финалдык таймашы саат 14:30да башталат.

19-марттагы жарым финалдын жыйынтыктары:

«Талас» - ИИМ — 4:0

«Бөрүлү» - «Сары-Өзөн» — 3:12

21-марттагы оюн тартиптер:

3-орун үчүн беттеш

10:00 «Бөрүлү» - ИИМ

Финал

14:30 «Талас» - «Сары-Өзөн».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×