Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 18.03.2015 15:16

Кара-Балта шаарынын жана Жайыл районунун биргелешкен жергиликтүү кеңешинин төрагасы болуп Н.Сыдыков шайланды

Turmush -  Чүй облусундагы Кара-Балта шаардык жана Жайыл районундагы айылдардын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары жалпы отурумда биргелешкен кеңештин жаңы төрагасын шайлады.

Жаңы төрага болуп шайланган 44 жаштагы Нурлан Сыдыков Талды-Булак айылдык кеңешинин төрагасы, деп билдирди аймактык кабарчы

Кара-Балта шаарындагы жана айыл аймактардагы жергиликтүү кеңештердеги 193 депутаттын ичинен аталган шайлоого 113 депутат катышты. Ачык түрдө добуш берген депутаттар Н.Сыдыковду бир добуштан колдоду.

Экономист адистигине ээ Нурлан Сыдыковдун пикиринде депутаттык корпустун маанилүү маселелеринин бири болуп жогорку билим деңгээлинин жетишсиздиги эсептелет.

«Төрага 1 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул убакытка чоң иштер пландалган. Айылдарда көптөгөн маселелер бар, бирок билим берүү жана жергиликтүү депутаттардын квалификациясын жогорулатууга көңүл бургум келет. Бишкек шаарында депутаттар үчүн курстар өтө турган жерди билдик. Жок дегенде ар бир айыл өкмөттөн эки депутатты окууга жөнөтүү керек», - деди Нурлан Сыдыков.

Жергиликүү кеңештердин мурунку төрагасы Дөөлөтбек Исманкуловдун мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу бошоду.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×