Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 18.03.2015 13:20

Кара-Балтада Нооруз майрамын жана Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата кичи футбол боюнча мелдеш өтөт

Turmush -  Кара-Балта шаарында «Манас» спорт комплексинде 19-мартта 20-30 жаштагы футболчулар арасында кичи футбол боюнча мелдеш өтөт.

Уюштуруучулар билдиришкендей, турнирдин жеңүүчүлөрүнө 1-орунга — 20 миң сом, 2-орунга — 15 миң сом, 3-орунга -10 миң сом берилет. Аларга Жайыл районунун жашоочусу Бакирдин Субанбеков демөөрчүлүк кылууда.

Кара-Балта шаарындагы оюндардан кийин мелдеш Жайыл районунун спортчуларына уюштурулат. Аталган мелдеш Нооруз майрамына жана Улуу жеңиштин 70 жылдыгына карата уюштурулууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×