Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуКемин району 17.03.2015 11:00

Кемин районунда депутаттар цемент заводунун курулушуна көмөк көрсөтүүнү өтүнүп, жогорку бийликке кайрылууларды жөнөтмөй болушту

Turmush -  Кемин районундагыжергиликтүү кеңештердин жетинчи кошмо жыйналышы болуп өттү, деп билдирет райондук мамадминистрациясынын басма сөз кызматы.

Анда Кемин районунун 2014-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы каралып, бул боюнча район акими Тынарбек Супатаевдин отчету канааттандырарлык деп бир добуштан кабыл алынды.

Ар кандай маселелер боюнча, жергиликтүү кеңештердин депутаттары тарабынан «Зет Цемент» ЖЧКна цемент заводунун курулушу боюнча көмөк көрсөтүүгө КР Президентине, Жогорку Кеңешке, өкмөткө кайрылуу жөнөтүү жана башка маселелер боюнча тийиштүү кайрылууларды жөнөтүү жөнүндө токтом кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×