Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 12.03.2015 11:44

Жайыл районунун мектеп окуучулары шахмат боюнча Чүй облустук спартакиадасында 3-орунду алды

Turmush -  Чүй облусу боюнча жалпы бирим берүүчү орто мектептердин окуучулары арасында шахмат боюнча мелдеш болуп өттү.

Финал Токмок шаарында 2-3-мартта өтүп, турнирге облус боюнча мектеп жашындагы оюнчулар катышты.

Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин маалыматы боюнча, мелдештин жыйынтыгында Жайыл району үчүнчү орунду жеңди.

Бул команда Козубай Шеркозуев тарабынан Жайыл райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинен машыгышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×