Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 11.03.2015 11:44

Жайыл районунан келген 3 окуучу грек-рим күрөшү боюнча турнирде коло медалына ээ болушту

Turmush -  Жайыл районунан келген 3 окуучу грек-рим күрөшү боюнча турнирде коло медалына ээ болушту. Бул тууралуу Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплексинин грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу Игорь Коваленко билдирди.

Анын айтымында, Жайыл районунун атынан келген кара-балталык үч бала мектеп окуучулар арасында өткөндө турнирде байгелүү орундарга жетишти.

Маалыматка ылайык, 46 кг салмак категориясындагы Акматов Чынгыз 3-орунду - Кара-Балта шаарынын №4 орто мектебинин окуучусу;

50 кг салмак категориясындагы окуучусу Али Ашуров 3-орунду - Кара-Балта шаарындагы №2 орто мектептин окуучусу;

85 кг салмата Утешов Рустам 3-орунду — Кара-Балта шаарындагы №2 мектептин окуучусу. Алар коло медалдар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, бул спортчулар «Манас» спорт комплексинин базасында машыгышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×