Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 10.03.2015 09:54

Кара-Балта шаарында балдар-жаш өспүрүмдөр спорттук борбору ачылат

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары шаар аймагына балдар-жаш өспүрүмдөр спорттук борборун ачуу демилгесин жактырды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Анын курулушуна каражат бөлүү маселеси шаардык депутаттар тарабынан 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен каралат.

Белгилей кетсек, Кара-Балта шаарында муниципалдык эки балдар-жаш өспүрүмдөр спорт мектеби жана бир «Манас» спорт комплекси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×