Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 03.03.2015 13:45

Кара-Балта муниципалдык футбол клубу эми өзүнүн энтамгасына ээ болот (фото)

Turmush -  Жергиликтүү кеңештин депутаты Айбек Аманбаев «Кара-Балта» муниципалдык футбол клубунун энтамгасын тааныштырды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Эми биздин футболчулар эми ушул энтамга менен чыгышат», - дейт депутат.

Ал белгилегендей, «Кара-Балта» футбол командасы 2 командадан - «Кара-Балта» жана «Кара-Балта-2» (жаштар командасы) турат.

Оюнчулар айлык акысын шаардык бюджеттен алышат, алар күн сайын машыгуу өткөрүшөт. Футболчулар клубу Кыргызстандын биринчи жана экинчи лигасынын биринчигине кирген.

2015-жылга жергиликтүү бюджеттен футболчулардын турнирлерге катышуусу жана айлык акылары үчүн 5 млн 800 миң сом пландалган.

unnamed

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×