Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуЖайыл району 03.03.2015 10:05

Жайыл районунда өткөн жылы мал этин өндүрүүнүн көлөмү өскөн

Turmush -  Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Жайыл районунда мал этин өндүрүү 105%ды түзгөн. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыркы жылдын отчеттук мезгилинде жергиликтүү айыл чарба продукциясы 1776 млн сомго өндүрүлүп, учурдагы баа менен алганда өсүү темпи 104,9%ды түзгөн. Бул 2013-жылга салыштырмалуу мал этин өндүрүү 83 млн сомго көбөйдү, дегенди билдирет.

Агрардык чарба башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2014-жылы эт — 10 миң 920 тонна, сүт— 37 миң 901 тонна, жумуртка — 8 млн 935 миң даана, жүн - 237,2 тонна өндүрүлгөн.

Өткөн жылга салыштырмалуу эт 514 тоннага, сүт 397 тоннага, жумуртка 35 миң даанага, жүн 1,2 тоннага көп алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×