Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Чүй облусу 02.03.2015 18:40

Кыз-келиндер арасындагы кичи футбол боюнча Кыргызстандын ачык чемпионатынын 1-айлампасында «Сокулук», «Талас» командалары утулду

Turmush -  Кыргызстандын футбол боюнча федерациясынын футболдук талааларында 28-февралда кыз-келиндер командалары арасында кичи футбол боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты башталды. КРФФнын басма сөз кызматы билдиргендей, турнирге 10 команда катышууда, алардын арасында эки казакстандык команда – «Тараз» менен «Алма-Ата» бар.

Алдын ала командалар 2 тайпага бөлүнүшкөн. 28-февралда 1-айлампанын матчтары болуп өттү.

А тайпасында «Кара-Суу» командасын 3:1 эсебинде уткан «Тараз» командасы лидерликке чыкты. Ушул эле тайпадагы дагы бир оюнда «Абдыш-Ата» менен «Бишкек-2» тең чыгышты - 3:3.

В тайпасында казакстандык «Алма-Ата» «Сокулукту» 22:0 менен «талкалады». Оюнда Любовь Ли жана Екатерина Колчина аттуу футболчу айымдар бештен гол киргизишти. В тайпасындагы катарлаш дагы бир оюнда «Бишкек-1» командасы менен «Талас» командалары жолугушуп, «таластыктарды» 7:0 эсебинде утушту. Бишкектик оюнчу Элянур Мажар үч гол киргизе алды.

1-айлампанын жыйынтыгы, 28-февраль

А тайпасы

«Тараз» – «Кара-Суу» – 3:1

Голдор: Серикбаева (2), Ергашева – Жимарова

«Абдыш-Ата» – «Бишкек-2» – 3:3

Голдор: Гайворонская (2), Алишер кызы – Токоболотова (2), Талайбекова

Оюндан четтетүү: Макаметова (Абдыш-Ата)

В тайпасы

«Бишкек-1» – «Талас» – 7:0

Голдор: Мажар (3), Бернацкая, Күмүшбек кызы, Чоноева, Пак

«Алма-Ата» – «Сокулук» – 22:0

Голдор: Ли (5), Колчина (5), Леонтьева (4), Имрахунова (3), Павлиниева (3), Тоторина, Уразбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×