Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 27.02.2015 18:20

Жайыл районундагы мектептеги рэкеттердин «ставкасы» 100 сомдон 1000 сомго чейин көтөрүлгөн, - инспектор Е.Степанова

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районунун мектептеринин директорлоруна жана завучтарына «Окуудан качуу жана укук бузуунун алдын алуу боюнча директор, социалдык мугалимдер жана өспүрүмдөр ишин кароочу инспекторлордун тыгыз иштөөсү» темасындагы тренингдер өтүп жатат.

Маалыматка ылайык, бул иш-чараны райондук билим берүү бөлүмү уюштурган.

Райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, социалдык педагогдорго талап катуу коюлушу шарт жана балдар жөнүндөгү конвенция ар бир мугалимдин столунда туруусу керек.

Бул жыйналышта Жайыл районунун өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекциясынын башчысы Алена Степанова катышып, ал мугалимдерди ата-энелер тарабынан балдарына жасалган орой маилесинин же кысымга алгандыгынын белгилери билинсе эле, инспекторлорго кабарлоосун билдиришти.

«Азыр ар бир мектепте биздин инспекторлор күзөткө турушат. Ал эмес бизде, окуучулар инспекторлорго келип, башка окуучулар тарабынан көргөзүлгөн кысымдар жөнүндө айтып арызданышкан окуялары катталган. Белгилүү болгондой, балдар кылмыштуулугу жыл сайын өсүүдө. Эгер мурда милицияларга жогорку класстын окуучулары түшүп турса, учурда 6-класстан 8-класска чейинки окуучулардын катталганы көбөйдү. «Рэкетирлердин» ставкасы учурда 100 сомдон 1000 сомго чейин жогорулаган. Кысмакка алынган фактарды жашырбагыла. Биз биргеликте, маселелерди ачык айтып иштешсек гана мындай нерселерди жөнгө сала алабыз», - дейт А.Степанова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×