Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Чүй облусуМосква району 27.02.2015 13:26

Москва районунда18 команданын катышуусунда футболдук беттеш болуп өттү

Turmush -  Москва районундагы «Урожай» стадионунда эки топко бөлүнгөн 18 команданын катышуусунда футбол оюну болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Уюштурулган спорттук иш-чарага катышкан 18 команданын ичинен бири ардагер инсандардан түзүлгөн команда болду.

Аталган футболдун жыйынтыгында Калинин командасы 1-орунга ээ болушса, Сретенка командасы 2-орунга жетишишти, ал эми Бишкек шаарынан келген Троян командасы 3-орунга арзышты. Ошондой эле, Беловодск командасы 4-орунга татыктуу болушту.

Маалыматка ылайык, 1-орунга кубок, медаль, ал эми 2-3-орундарга медалдар тапшырылды. Андан сырткары бул төрт командага бирден топ жана ар бир оюнчуга футболдук формалар белекке берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×