Суусамыр айылынын жергиликтүү тургуну Мекенди коргоо күнүнө карата спорттук мелдеш өткөрдү
Маалыматка ылайык, мелдешке Жайыл районунан келген 100 жаш спортчу катышышкан.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси: 25 килограммдык салмакта Талантбек уулу Бакыт, Тунук айылы,
27 кг Нурлан уулу Данияр, Суусамыр айылы,
30 кг Ниязбеков Жамин, Суусамыр айылы,
33 кг Степаненко Влад, Алексеевка айылы,
36 кг Жапаркулов Сыргак, Кара-Балта шаары, «Кожомкул » спорт комплекси,
39 кг Кабылбеков Бекзат, Сосновка айылы,
42 кг Абдуталипов Рамазан, Сосновка айылы,
46 кг Жаныбек уулу Станбул, Суусамыр айылы,
50 кг Кельдибеков Максат, Кара-Балта шаары «Кожомкул » спорт комплекси,
54 кг Жусупбеков Аман, Суусамыр айылы,
58 кг Темирбеков Нур, Ссоновка айылы,
63 кг Талканбаев Максат, Сосновка айылы.
Жайыл районунун балдар спорттук мектебинин директору Нуржан Сүймөналиевдин билдиргенине караганда, чемпиондор диплом, медаль жана акчалай сыйлыктарга ээ болушкан. Мелдештин уюштуруучусу жергиликтүү тургун Карабаев Манас бул мелдешти экинчи жылы катары менен уюштуруп жатат.
Суусамыр айылынын командалык жеңүүчүлөрүнө (машыктыруучусу Абдырасаков Жалил) кубок жана 1,5 миң сом тапшырылды. Экинчи орунду Сосновка айылынын күрөшүлөрү алып, Кара-Балта шаарынын командасы 3-орунга ээ болду, деп берилет маалыматта.