Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 25.02.2015 13:57

Кара-Балтада өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча республикалык турнир өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарында 19-21-февралда 1998-2001-жылдары туулган өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча республикалык турнир өткөрүлдү. Ал Ата Мекенди коргоо күнүнө жана Афганистандан советтик аскерлердин чыгарылышынын 26 жылдыгына карата өткөрүлдү, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка ылайык, турнирге жалпы Чүй облусу боюнча 400 жаш өспүрүм катышты, ошондой эле Бишкек, Нарын, Балыкчы шаарларынын спортчулары катышышты. Мындан тышкары, Россиядагы Сахалин шаарынан коноктор дагы келишти.

Турнирде төмөнкү спортчулар чемпион болушту:

- Нарын шаарынан 25 кг салмак боюнча Жыргалбек уулу Шаршенбай,

- Чүй айылынан 27 кг салмак боюнча Эрлан Болотов,

- Бишкек шаарынан 30 кг салмак боюнча Доктурбек уулу Юхан,

- Жайыл районунан 33 кг салмак боюнча Влад Степаненко,

- Чүй айылынан 36 кг салмак боюнча Алтынбек Эриков,

- Бишкек шаарынан 39 кг салмак боюнча Кылычбек уулу Абдумалик,

- Бишкек шаарынан 50 кг салмак боюнча Рахат уулу Нурсултан,

- Сосновка айылынан 63 кг салмак боюнча Марс Анварбеков,

- Кара-Балта шаарынан 76 кг салмак боюнча Руслан Кельдибеков.

Жеңүүчүлөр дипломдор жана медалдар менен сыйланышты.

52

53

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×