Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 23.02.2015 14:36

Кара-Балтада Масленица майрамына карата гиря спорту жана кол күрөш боюнча мелдеш өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында Масленица майрамына карата гиря спорту жана кол күрөш боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Бул мелдешке Жайыл жана Москва райондорунан келген спортчулар катышты.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысынын билдиргенине караганда, оюн шаардагы «Манас» спорт комплексинде өтүп, ага спортчулар эле эмес, оюнга катышууну каалагандар да келишкен.

Маалыматка ылайык, мелдештин жыйынтыгында кол күрөш боюнча 1-орунду Москва районунун Беш-Терек айлынынын тургуну, 2-орунду Кара-Балта шаарынан А.Шевкадов, 3-орунду Кара-Балтадан келген Аслан Атанбаев жана 4-орунду Егор Виницкий (Кара-Балтадан) алган.

Гиря спорту боюнча 16 килограммдык гиряны 111 жолу көтөрүп, 1-орунду Кара-Балтадан келген Магомед Хасанов алды. 2-орунга 105 жолу гиря көтөргөн Абдулрахманов татыды. Ал эми, 3-орунду Аслан Атанбев алса, 4-орунга Кара-Балта шаарынын тургуну Егор Виницкий ээ болду.

А 1

А 2

А 3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×