Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 23.02.2015 09:45

Кара-балталык эки спортчу грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан чемпионатында байгелүү орундарды алышты

Turmush -  Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын эки спортчусу Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт сарайында 13-февралдан 15-февралга чейин өткөн чоңдор арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушкан.

Биринчи машыктырууучу Анатолий Коваленконун Тurmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдиргенине караганда, Роман Ким 130 килограммда алтын медаль алса, Бекжан Коңурбаев 66 килограммдык салмакта 3-орунду багынткан.

Анын айтуусунда, биринчи жана экинчи орунду алган спортчулар дароо, автоматтык түрдө Азия чемпионатына жана дүйнөлүк чемпионатка катыша алышат.

Эми мелдештин жеңүүчүсү Роман Ким, өзүнүн салмактык категориясында Кыргызстандын атынан чыгып, кесипкөйлөр арасындагы мелдешке катышмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×